Биздин долбоор БУУнун туруктуу өнүктүрүү максаттарына дал келет
Каржылоо
Clean Games гранттардын, корпоративдик буйрутмалардын, демөөрчүлүк жана муниципалдык контракттардын, мамлекеттик сатып алуулардын жана краудфандингдин эсебинен каржыланат


    Эл аралык сыйлыктар жана премиялар
    Energy Globe Award эл аралык премиясынын «Жаштар» категориясынын финалисттери сыйлыкты Россиянын атынан улуттук жеӊүүчү катары алышты (2021)
    Эл аралык жылдын Волонтеру Премиясында «Айлана-чөйрөнү сактоого жана коргоого кошкон салым» номинациясында биринчи орун (Казакстан, 2020)
    Долбоордун тарыхы
    « 2014: Биринчи Таза Оюн «Clean Games» Дмитрий Иоффе достору менен Вуокса көлүнө жүрүшкө чыкканда, 2014-жылы пайда болгон. Аралдардын бириндеги үймөк-үймөк болгон таштанды эс алуунун дээрлик бузганда, команда таштандыларды чогултуу боюнча аӊчылык-мелдеш ачкан. 2 айдан кийин «Жүгүргөн шаарлардын» жана анын директору Игорь Голышевдин колдоосу менен биринчи Таза оюндар өткөн.
    2014-2015: Россиянын аймактарында өнүктүрүү Долбоордун оюн форматы 2 айдан кийин эле Торжок, Краснодар жана Твердин активисттерин тарткан. Долбоор «Экологиялык франшиза» болуп, аймактарда уюштуруучулардын коомдоштугу өнүгө баштаган. Усул бейкоммерциялык макулдашууга кол коюудан кийин акысыз жайылтылган.
    2016-2017: Россия боюнча ар жылдык эки эсе өсүү Жыл сайын жаӊы катышуучу шаарлардын саны эки эсе көбөйө баштаган. Тез өнүгүү Экология жылы деп жарыяланган 2017-жылы уникалдуу форматтын, команданын кызыгуусунун, мамлекеттин колдоосунун жана таануусунун аркасы менен мүмкүн болду – анда Дмитрий Иоффе Россиянын Ыктыярчысы премиясынын лауреаты болгон
    2018-2019: эл аралык өнүктүрүү
    2018-Волонтерлук жылы Россияда Индияда жашаган долбоордун таанышы оюнду өз окуучулары үчүн өткөргөн – ушинтип долбоор күтүүсүздөн эл аралык болуп калган. Андан кийин Clean Games эки материктеги 15 өлкөдө өткөн. 2019-жылы андан кийин ар жылы өтүп калган биринчи жалпы россиялык жана эл аралык турнирлер, Балтика деӊизинин Тазалык Кубогу болуп өткөн.

    2018-жылы долбоор «Жылдын мыкты эковолентерлук долбоору» жана «Жылдын мыкты жаратылышты коргоочу долбоору» болгон. 2019-жылы «Clean Games» Дүйнөлүк II Париж форумунда көрсөтүлүп, «Климатты өнүктүрүү лидери» жана «Экология жаатындагы социалдык ишкердиктин мыкты долбоору» премиялары менен белгиленген
    2020-2021: жаӊы чакырыктар жана жеӊиштер
    2020-жылы COVID-19 пандемиясына байланыштуу «Clean Games» жаӊы форматтарды иштеп чыгууга мажбур болгон. «Таштандыга каршы күрөшүүчүлөрдүн премиясы» аталган жалгыз тазалоо акциясы Таза Оюндардын тарыхындагы медиялык жактан камтуусу эӊ көп болуп аныкталган. Ал эми кадимки оюндар борборлоштурулбаган коопсуз форматта өткөн.

    Биринчи Континет аралык Кубок Россия менен АКШнын 20 шаарын бириктирген.

    Биз Таза Балтика Коалициясынын мүчөсү болдук. Алар менен өнөктөштүктө биз экинчи жана үчүнчү Балтика деӊизинин Тазалык Кубогун өткөрүп, Россия-Беларусь Союздук Мамлекеттеринин чегинен тышкары катышуучулардын санын 3 эсеге көбөйттүк.

    2021-жылы биз Energy Globe Award аталган туруктуу өнүктүрүү боюнча эӊ маанилүү дүйнөлүк премияда эал аралык финалист жана улуттук жеӊүүчү болуп табылдык! Сыйлоо БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча 26-конференциясынын (COP26) алкагында Глазгодо болуп өттү.
    2022: Биз ковидге чейинки деӊгээлге чыгып, жадагалса андан ашып кеттик!
    Таза Оюндардын тажрыйбасы 3 жаӊы өлкөгө тарады – эми Таза Оюндар 28 өлкөдө өтөт жана муну менен бирге биздин катышуучуларыбыздын саны 100 000ден ашып, Таза Оюндардын бүтүн тарыхында 3000 тонна таштанды чогулган!

    Бул жылы биз бүткүл Россия боюнча экоактивисттер үчүн өзүбүздүн биринчи «Туруктуу тазалык» аталган сынагыбызды өткөрдүк.

    Биз салтка айланып калган экинчи Арктикалык Тазалык Кубогун өткөрдүк – ага россиялык Арктиканын бардык 9 аймагы кошулду.
    Биздин ички маданиятыбыз № 4, 5, 12-Туруктуу өнүктүрүү максаттарына көӊүл бурат
    Бул максатка жетишүү үчүн биз:

    - Уюмубуздун ичинде билим берүү экосистемасын түзүп, кызматкерлерибизди экологиялык жоопкерчилик жана ТӨ маданиятын сактоо маселелери боюнча окутабыз;

    - Биздин учурдагы жана келечектеги волонтер-уюштуруучуларыбыз үчүн вебинарларды жана воркшопторду өткөрөбүз;

    - Россиянын шаарларындагы жана аймактарындагы жергиликтүү калкты оюн, билим берүү жана коммуникациялык ыкмалар менен тартабыз

    - Маалымдоо жана тартуу аркылуу адамдардын ой жүгүртүүсү туруктуу өнүктүрүүнүн баалуулуктары тарабына өзгөрүүсүнө өбөлгө түзөбүз.


    Максатка жетүү үчүн биз:

    - Жыныска карабастан бирдей баалуулуктагы эмгек үчүн бирдей төлөмдү камсыздайбыз

    - Таза Оюндардын жетектөөчү кызматтарынын 50%ын аялдар ээлейт
    Максатка жетүү үчүн биз:

    - ТБЧны киргизип, «Жашыл кеӊсе» концепциясын өнүктүрөбүз

    - Жоопкерчиликтүү керектөө жаатында корпоративдик маданиятты түзөбүз
    Долбоордун эл аралык командасы