Оюндардын тизмеси

Оюнга кантип катталуу керек?
1. Сайттан соцтармактар аркылуу авторизациялан
2. Тизмеден ылайыктуу оюнду танда
3. «Катышуу» баскычын бас
4. Командага кошул же өз командаӊды түз
Оюн кандай өтөт?
1. Катышуучулар оюн жайына келип, аймакты жыйноо үчүн оюн инвентарын (каптарды, колкаптарды) алышат
2. 1-2 саат таштанды чогултуп, аны өткөрүшөт. Чогултулган таштанды үчүн командалар упайларды алат
3. Оюн аяктагандан кийин катышуучулар үчүн кичинекей пикник болот
4. Аягында жеӊүүчүлөрдү сыйлоо
Кантип даярдануу керек?
Токой үчүн же аба-ырайына жараша кийим (булганса, кейибей турган кийим) жана бышык бут кийим кийүүнү сунуштайбыз.

• Суу болбой турган кийимге кам көрүӊүз

• Таштанды жыйноо үчүн инвентарды ошол жерден беребиз

• Дем алуу органдарын коргоо үчүн жеке каражаттарды: маскаларды, шарфтарды, банданаларды колдонуп, 1.5 метр социалдык аралыкты сактаӊыз

• Таза Оюндардын мобилдик тиркемесин орнотуӊуз (рейтингди жана жердин картасын кароо)

Таштанды эмне болот?
• Уюштуруучулар таштанды чыгаруу жөнүндө алдын ала макулдашышат
• Бөлөк чогулган таштанды кайра иштетүүгө жөнөтүлөт
• Эгер сизде кабыл алуу пункту жок болсо, анда уюштуруучу таштанды таштанды жайына жөнөтүлөрүн эскертүүсү керек
• Биз таштандыны оюн болгон күнү чыгарууга аракет кылабыз, кээде бул эртеси күнү болот
Оюн жөнүндө кабарлама
Жазыл, биз сенин аймагыӊдагы оюндун анонсун жөнөтөбүз
Жазылуу
@
Өз оюнуӊузду уюштуруу
Биз нөлдөн баштап иш чара уюштурууга үйрөтөбүз жана кеӊеш берип, колдоп туруу үчүн ар дайым байланышта болобузать